Бишкекте улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

SİYASET

Бишкекте улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара кыргыз сомунун тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттеги маанилүү окуялардын бири – улуттук валютанын колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

 

 

 

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул процессте олуттуу роль ойногон Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгиледи.

Ал Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын кабыл алып, жүгүртүүгө киргизген мурдагы Союздун мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болгонун айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республиканын ичинде басып чыгара баштаарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды бардык кыйынчылыктарды чогуу жеңсе болоруна ишенип, келечекке жаркын үмүт менен кароого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө, банк системасын калыптандырууга жана өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн:

 

 

 

 

– І даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри Чынгышев Турсунбек сыйланды;

– “Кыргыз Республикасынын эмгек синирген экономисти” ардак наамы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Боконтаев Кубанычбек Кенешовичке ыйгарылды;

– “Кыргыз Республикасынын эмгек синирген экономисти” ардак наамы “Дос-Кредобанк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы Эшбердиева Чолпон Молдалиевнага ыйгарылды;

– Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” Жабык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Трофимушкина Анастасия Валентиновна сыйланды.

 

 

 

 

Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20 сүрөт 37.36 mbФотогалереяны жүктөө
2023-жыл 9-июнь
facebook sharing buttontwitter sharing buttonvk sharing buttonodnoklassniki sharing buttonwhatsapp sharing buttonprint sharing buttonemail sharing button

kaynak:https://www.president.kg/kg/okujalar/25004_bishkekte_uluttuk_valyutanin_ghgrtg_kirgizilgendiginin_30_ghildigina_karata_saltanattuu_ish_chara_tt