2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди

SİYASET

2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

 

 

Мыйзам 2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.

 

 

 

Мыйзамда 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.

 

 

 

2 сүрөт 2.43 mbФотогалереяны жүктөө
2023-жыл

 

facebook sharing buttontwitter sharing buttonvk sharing buttonodnoklassniki sharing buttonwhatsapp sharing buttonprint sharing buttonemail sharing button

kaynak:https://president.kg/kg/okujalar/25083_2021_ghildin_2830_aprelinde_kirgiz_taghik_chek_arasindagi_chir_chataktin_kesepetinen_ghabir_tartkan_batken_oblusunun_ishkerlerine_byudghettik_kreditter_boyuncha_karizdari_kechirildi